Apple корпорациясынын баасы 800 млрд доллардан ашты

Эксперттердин айтуусунда, корпорациянын быйылкы баасы триллион доллардан ашуусу мүмкүн. 

"Роснефть" компаниясынын баасы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 70 млрд долларды түздү. Ал эми орусиялык 100 эң кымбат компаниянын жалпы баасы 700 млрд долларга жеткен жок. 

Apple компьютер, смартфон чыгаруу жана программа түзүү менен алектенет. Мындан тышкары корпорация жаңы түзүмдөрдү, анын ичинде айдоочусу жок автоунаа чыгарууну каржылоодо.