30-апрелден тарта Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөр менен соода жайларында кайрадан чылым сатылбай калды.
Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын булактары билдиришти.
«Акыркы жолу биз чылымды 29-апрелде сатып алганбыз, азыр кайсы гана дүкөнгө кирбейли жок. Сатуучулар текчелерде тамеки качан пайда болорун так айта албай жатышат», - деди Ашхабаддын тургундарынын бири.
Өлкөдө жеке дүкөндөрдө чылым тымызын сатылууда. Анда тамекинин бир кутусунун баасы 45 манатка чейин жетет. Европа өлкөлөрүндө жана Дубайда өндүрүлгөн чылымдын баасы 85-120 манатты түзөт. (расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар).
Түркмөнстанда чылым чегүүгө каршы 2017-2025-жылдарга улуттук программа кабыл алынган. Бийлик 2025-жылы Түркмөнстанды тамеки чекпеген өлкөгө айлантуу ниетин билдирген жана жеке дүкөндөрдө чылым сатууга тыюу салган.