Георгий тасмасынын талашы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүнө карата Георгий тасмасын тагууга тыюу салынган эмес. Мындан үч жыл мурун жарандык коомдун айрым бөлүгү империалисттик-колониалдык саясаттын белгиси катары бул тасманы тагууга каршы чыкканда бийлик тандоо иретинде кызыл-сары түстөгү Кыргызстандын “жеңиш тасмасын” киргизген болчу. Бирок Жеңиш күнүнүн алдында Георгий тасмасы коомчулукта кеңири таралган белги катары кала берүүдө. Ошол эле кезде расмий бийлик муну талаштуу маселе катары карабайт.