Журналист, жазуучу, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев 70 жаш курагында каза болду. Жакындарынын айтуусунда, ал бир жума мурун абалы начарлап, Бишкек шаарындагы атайын ооруканага жаткырылган.
Бөкөнбай Боркеев бир катар гезит-журналдарда, радиодо, ТВда иштеген. Көптөгөн публицистикалык, сатиралык чыгармалардын автору. Бир катар чет элдик классик жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.