Экс-президент Роза Отунбаева президенттик шайлоого арналып Бишкекте өткөн жарандык форумда кыргызстандык саясатчыларды шайлоодон шайлоого чейин жашап жатышат деп сындады:
-Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп турат. Атамбаевди колдобогон президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтук коркунучунда турушат. Айрымдары камакта. Башкаларына кылмыш иштерин козголууда. Жасалма, жетишсиз негиздер менен камашууда. Бул жерде тандалма камоолор айкын болуп турат.
Мындай мамиле жоопкерсиздикке, каршылашууга, куугунтуктарга алып барат деп эсептеген экс-президент шайлоого душман эмес, атаандаш катары баруу үчүн, туруктуулук үчүн саясий элитаны жоопкерчиликтүү болууга, жана диалог түзүүгө чакырды.
Отунбаева легитимдүү шайлоону камсыздоо үчүн ишенимди элге сиңирүү зарыл деп эсептеди.
Буга чейин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров саясатчылардын шайлоо алдындагы тынчсыздануусу тууралуу пикирин билдирип, “Президент болом дегендердин корккону бийлик. Эмне үчүн дегенде өзүнүн президенттик шайлоодон өтүп кетишине көзү жетпесе же, экинчи жагы, ошол бийликти жамандоо жолу менен өзүнүн рейтингин көтөрүү” деп айткан эле.
"Жарандык көзөмөл комитети" уюму Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген темада форум өткөрдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министрлер Феликс Кулов, Темир Сариев, Амангелди Муралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты.
Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Анын так датасы азырынча жарыялана элек. (RK)