"Сапат" билим берүү мекемесинин Ош шаарындагы “Сема” лицейинин эки окуучусу АКШнын Хьюстон шаарында болуп өткөн ISWEEEP долбоордук олимпиадасында ийгиликке жетишти.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна лицейдин мугалими Мурат Ишенбаев кабарлады. Анын айтуусунда, кыргызстандык окуучулар экология категориясында күмүш медалга татыктуу болушту:
- Бул олимпиадага биздин лицей эки долбоор менен барган. Долбоорлордун аталыштары: “Мунайды тазалоочу бактерия” - Чаткалбай уулу Байэл жана Калмаматов Нурбек (күмүш медаль). "Уулу зат Арсенийди тазалоо” долбоорун Орозбаев Алихан даярдаган.
I-SWEEEP бул мектеп окуучулары үчүн ачык новатордук илим олимпиадасы. Ал дүйнөдөгү ар кайсы улуттагы элдерди байланыштыруу жана реалдуу дүйнөдөгү келечектеги ролдор үчүн студенттерди даярдоо максатын көздөйт. (RK)