Чоң-Алай: Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлдү

Жалал-Абад облусундагы дарыя жээгин бекемдөө иштери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суу кескин көбөйүп, кооптуу абал жаралды. 

15-майда алынган маалымат боюнча Дароот-Коргон айылынын Кошулуш участкасында суу жээктерди алып, 6-7 турак жай коркунучта калды.

Учурда жээктерди бекемдөө иштери башталууда.  

Жаан-чачындын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда жер көчкү, сел, суу ташкындоо коркунучтары сакталууда. Жалал-Абад облусунун аймагында 19-апрелден тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (NT)​