Баткен облусунун Айдаркен шаарында 15-майда сел жүрүп ондон ашуун үйдү жана короолорду суу каптады. Эки электр мамысы кулап түштү. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кечки саат ондордо кырсык болгон жерге барып, сел кирген үйлөрдү көрүп, тургундар менен жолукту.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын өкүлү Турат Турдубаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ушул тапта куткаруучулар табигый кырсыктын зыянын тактап жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келген жок. (SE)