Футзал: Кытай-Кыргызстан командалары тең чыкты

Кыргызстандын 20 жашка чейинки футзал боюнча улуттук курама командасы Аия чемпионатында. 16-май, 2017-жыл. Таиланд.

Бүгүн, 16-майда Таиландда башталган футзал боюнча Азия чемпионатында (U-20) Кытай менен Кыргызстандын улуттук курама командалары 3:3 эсебинде тең чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Оюндун толук чыгарылышы:

Кыргыз футзалчылары алдыда 18-майда монголиялыктар менен беттешет.

16-26-май күндөрү өтө турган мелдештерде 22 мамлекет төрт тайпада күч сынашууда.

Кыргызстандыктар D тобунда Иран, Кытай, Монголия жана Бириккен Араб Эмирлигинин спортчуларына каршы ойнойт. Улуттук курамада 14 оюнчу бар.

Тандоо оюндарынын жыйынтыгында, ар бир топтогу эки команда негизги беттештерге жолдомо алышат.