Рамис акындын космосу

Өнөр ээси тогуз жашынан бери поэзия менен сүрөттү эгиз өнөр катары кошо аркалап келгенин айтууда.

Кыл калем чеберлери Рамис Рыскулов сүрөт тартууда эч кандай жасалма ыкка түшпөгөнүн, эсепке, эрежеге баш ийбегенине баа беришет.  

Рыскулов тарткан сүрөттөрүнүн көпчүлүгүнө ат койбойт. "Менин сүрөттөрүмдү ар ким өзү каалагандай түшүнүшү керек", - дейт ал. 

Шыгаев учурда акын-сүрөтчү Рамис Рыскуловдун бир нече эмгеги көптөгөн жеке коллекциялардын көркүн чыгарып, айрымдары Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде сакталып турганын айтты.

Кыргыз эл акыны, жазуучулар жана сүрөтчүлөр бирлигинин мүчөсү Рамис Рыскуловдун сүрөт көргөзмөсү 2-июнга чейин созулат. 

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.