Майлуу-Сууда бир жоокер каза болду

Иллюстрация

Майлуу-Суудагы №30295 Кургактагы аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокер 18-май күнү этиятсыздыктан улам каза болду.

Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдиргендей, маркумду кызматташ шериги автоунаа менен жөөлөп кеткен. Жоокер алган жараатынан улам Майлуу-Суудагы ооруканада көз жумган.

Окуяны Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад гарнизону териштирип жатат. (SE)