Лондондогу Виктория вокзалынан күмөндүү баштык табылды

Манчестердеги окуядан кийин

Британ полициясы Лондондогу Виктория темир жол вокзалынан күмөндүү баштык табылганына байланыштуу жапты. Мындай чара 22-майдын түнүндө Манчестер шаарындагы 22 адамдын өмүрүн алып кеткен жардыруудан бир нече сааттан кийин көрүлдү. 

Лондон борбордук полициясынын өкүлүнүн Би-Би-Сиге айтканына караганда, "күмөндүү баштык" шаардын чок ортосундагы эл жыкжыйма топтолгон бекеттин жанынан чыккан жана текшерилген. 

Бекеттен тышкары ал райондогу Букингем сарайына жакын көчөлөр жабылды. 

Манчестердеги окуяны британ премьер-министри Тереза Мэй "тиришумдук террордук чабуул" атаган.