Ошто дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү суудан табылды

Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү дарыядан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Озгур айылынын 46 жаштагы тургуну кайда экени белгисиз болуп жатканы 23-майда маалым болгон.

Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардын издөө иштеринин натыйжасында жоголгон жарандын сөөгү дарыядан табылды.