Учурда кыргыз армиясында өз ыктыяры менен кызмат өтөп жаткан жоокерлердин 30% ашууну жогорку билимдүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесинде билдирди. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат.
Мамлекет башчы мурдагы президенттердин тушунда өлкө армиясына көңүл бурулбай, алсызданып кеткенин белгилеп, акыркы жылдары бул көйгөй чечилип баратканын айтты. Буга мисал кылып, аскерлер үчүн курулуп жаткан турак жайларды атады.
Маалыматка караганда, соңку кездери аскерлер үчүн 55 турак жай пайдаланууга берилди. Дагы 34 үй курулуп, 37 турак жай тургузуу пландалууда.
2016-жылы Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген.
29-май - Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү. (SE\BkA)