Чукул билдирүү:
4-6-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20…25, тоолуу райондордо 7…12, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болушу ыктымал.
Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
4-июнда түнкүсүн айрым райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +25...+30;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +25...+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;
Бишкек шаарында 3-4-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 26…28 градус жылуу болот.