Июнь коогасынын унутулгус кайгысы

“Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө келгендер. 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков элди ынтымакка чакырып, балдарды кичинесинен толеранттуулукка тарбиялоо керектигин белгиледи.

Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий өкүлдөр, каза тапкандардын жакындары катышты.

2010-жылдагы июнь окуясында расмий маалыматтар боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. 

Ошол окуя учурунда элүү жети адам дайынсыз жоголуп, учурда алардын саны он тогуз адамга кыскарган. Ушул күнгө чейин 18 адамдын жасатынын өздүгү аныктала элек.

Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашуун экени жарыяланган болчу.

2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1058 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон.

Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы тартылып алынып, кийин кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары кайра кайтарылган.