Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрө жарактан чыкты

Базар-Коргондогу кулаган көпүрө.

Базар-Коргон районунун Могол айылында Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрө 11-июнда кулап түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, аталган дарыяда суу кескин көбөйүп, көпүрө талкаланган.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолундагы бул көпүрө 1987-жылы убактылуу пайдалануу үчүн салынган жана авариялык абалда болчу.

Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жаап, дарыяларда суу катуу кирди, сел, суу ташкын коркунучтары көбөйдү. (NT)