Жалал-Абад: патрулдук милицияга жаңы унаалар берилди

Жаңы автоунаалар

Жалал-Абад облустук патрулдук милиция кызматында иштегендерге Ички иштер министрлиги Renault Logan үлгүсүндөгү он автоунаа берди. Унаалар бүгүн Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта тапшырылды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, машинелер облустагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө, Бишкек-Ош жолундагы тилкелеш аймактарга бөлүнөт. (RsK)