26-июнь эс алуу күнү деп жарыяланды

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты. Ага ылайык, Кыргызстандын Эмгек кодекси боюнча Орозо айт майрам күнү деп саналат. Майрам 25-июнь - жекшембиге туш келгендиктен кыргызстандыктар 26-июнда эс алышат.