Орусияда төрт адам спирт каражаттарына ууланып өлдү

Москва облусунда төрт адам курамында спирти бар белгисиз суюктукка ууланып өлдү. Орусиянын иликтөө комитети билдиргендей, 21-июнда Сергиев Посад аймагынынын 11 тургуну уулануунун белгиси менен ооруканага түшкөн. Алар кайсы каражатты ичкени ачык айтыла элек.

Декабрь-январь айларында Сибирдин Иркутск аймагында “Боярышник” деп аталган лосьонду ичкен 76 киши улануудан каза тапкан.

Орус бийлиги жуунганда колдонулуучу лосьондун курамында адам организми үчүн зыяндуу метанол заты болгонун билдирген.