Бишкек: Айт намазга миңдеген мусулмандар келди

Бүгүн Бишкектин Эски аянтында миңдеген мусулмандар Айт намазга чогулду.

Ага расмийлерден премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров катышты.

Иш-чаранын коопсуздугуна күч кызматкерлери көз салып турду. (RK)