Катарга коюлган ультиматумдун мөөнөтү узартылды

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Бахрейн Катарга коюлган ультиматумдун мөөнөтүн 48 саатка узартышты. Мындай кадам бүгүн бул жаңжалда арачылык кылган Кувейттин өтүнүчү менен кабыл алынды. Бардык дооматтарды четке кагып келаткан Доха 3-июлда жооп кайтарышы керек эле.

Төрт араб өлкөсү Катар терроризмди колдойт деп, дипломатиялык, экономикалык алакаларды үзүп салышкан жана бир катар талаптарды коюшкан. Атап айтканда, коңшулар "Ал-Жазира" телеканалын жабууну жана Иран менен дипломатиялык мамилелерди токтотууну, Түркиянын өз аймагындагы аскердий базасын жаап, ал өлкө менен аскерий кызматташтыкты үзүүнү талап кылышкан. Анкара башынан эле бул чырда Доханы колдоп келатат.

Катар шарттарды аткарбаса, жаңы санкцияларга туш болушу ыктымал.