Бишкекте кыргыз-америка бизнес форуму өтөт

Кыргызстан-АКШ бизнес форуму 11-июлда Бишкекте башталат.

Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, форумга Кошмо Штаттардан келген ишкерлер тобу катышат. Алардын катарында AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric, AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola жана башка компаниялардын өкүлдөрү кирген.

Америкалык ишкерлер Кыргызстандагы ишкерлер менен жолугуп, биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.

Бизнес форумду Экономика министрлиги менен Кыргызстандагы Американын соода палатасы (AmCham) уюштурууда.(BkA)