Макмастер: Орусия менен диалог башталды

АКШ жана Орусия эл аралык олуттуу маселелерди чечүү боюнча биргелешип иштей баштады. Мындай билдирүүнү Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер жасады.

Ал президенттин учагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин Гамбургда жолугушуусунда “кайсы бир маселе чечилбегенин, бирок бул жолугушуу эки лидер ортосунда диалог башталганынан кабар берерин" белгиледи.

Макмастер ашыкча оптимизмден карманууга чакырып, адегенде тараптар Сириядагы абалды жөнгө салууга жана киберкоопсуздукту камсыз кылууга көңүл бурарын кошумчалады.

Ал эми брифингге катышкан АКШнын финансы министри Стивен Мнучин Трамп-Путин жолугушуусунда 2016-жылдагы президенттик шайлоого сырттан кийлигишүү боюнча сүйлөшүү өткөнүн билдирди.

Мнучин эки өлкө лидерлери кибермейкиндик боюнча атайын жумушчу топторду түзүп, “бири-бирине кийлигишүүнү” четке кагуу боюнча иштерди баштоону сүйлөштү.

Жума күнү Германиянын Гамбург шаарында өткөн “Чоң жыйырманын” саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушту. Эки чоң өлкөнүн башчылары алгачкы жолу көздөшүп, эки сааттан ашуун сүйлөшкөн.