Текебаевдин иши: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү көрсөтмө берүүдө

Роза Отунбаева жана Феликс Кулов

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күбө катары көрсөтмө берип жатышат.

Алардын бири, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Феликс Кулов 2010-жылдын 21-декабрында Өмүрбек Текебаев жумушта болбогонун айтты.

- Ал (Текебаев - ред.) жумушта болгон эмес. Мен муну толук далилдеп бере алам. Биз 21-декабрда жолугуп, көп ишти талкууламакпыз. Мен жардамчыларымды жөнөтүп, телефон да чалгам. Бирок мага Текебаев бүгүн жумушта болбойт деп айтышкан. Андыктан Текебаев өз иш бөлмөсүндө кимдир бирөө менен жолугушу мүмкүн эмес болчу.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылдын 21-декабрында Текебаевдин иш бөлмөсүнө келип, ага берген 1 млн. долларды кайтарып берүүсүн сурап, бирок акчаны ала албай калганын айткан.

Сотто көрсөтмө берген дагы бир күбө Данияр Нарынбаев болду. Ал 2010-жылы Текебаев менен чогуу Конституциялык кеңеште иштегенин, өкмөт үйүндө алардын иш бөлмөсү жакын болгонун айтты. Мындан улам Нарынбаев буга чейин орус ишкер Алексей Модин көрсөткөн Текебаевдин бөлмөсү ага таандык эмес экенин билдирди.

Соттук процессте Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев да көрсөтмө берип, 2010-жылдын 13-май күнү хронологиялык негизде айтып берди. Ал Модин көрсөткөн иш бөлмө башынан эле туура эмес болгонун, себеби ал учурда өкмөт үйүнүн башкы кире бериши дайыма жабык болгонун айтты.

- 2010-жылы өкмөт үйүнүн алдында дайыма митинг болуп тургандыктан биз имаратка оң жана сол канатынан кирип, ортоңку негизги эшикти жаап салганбыз. Бирок видео көрсөтмөдө Модин башталганда эле ортоңку чоң эшиктен көрсөтмөнү баштады. Ал туура эмес, бул эшик дайыма жабык болгон. Анын үстүнө Текебаевдин бөлмөсү такыр бөлөк болчу.

Түштөн кийин соттук процесске Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев жана Исмаил Исаковдун да келери күтүлүп жатат. Эртең менен сотко күбө катары көрсөтмө берген экс-президент Роза Отунбаева бул иш боюнча айрым суроолор ошол маалдагы экономикалык жагын көзөмөлгө алган орун басары Алмазбек Атамбаевге берилиши керектигин айткан. (SDz)