Тоңдо туристтер үчүн этнофестиваль уюштурулду

Тоңдогу этнофестиваль

Ысык-Көлдүн Тоң районунда бүгүн туристтер үчүн "Тескей жээк" этнофестивалы өтүп жатат.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агеттигинин колдоосу менен уюштурулган бул иш-чаранын максаты - этномаданий туризмди өнүктүрүү жана салтуу көчмөн цивилизацияны жандантуу.

Фестивалдын катышуучулары кыргыздын улуттук тамак-аштары, оюндары, каада-салты менен жакындан таанышууда. (SE/RK)