Кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадада эки медал алышты

Сынакка катышкан кыргызстандык окуучулар.

Таиланддын Накхонпатхоме шаарында 6-15-июль күндөрү өткөн Химия боюнча 49-эл аралык олимпиадада кыргызстандык эки катышуучу, "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары коло медалга ээ болду.

76 мамлекеттен келген 304 окуучунун арасында Таластагы "Манас Ата" лицейинин 11-классында окуган Автандил Саиддин жана Кадамжайдагы лицейдин 10-классында окуган Баяман Базарбаев үчүнчү орунду алышты. 

Химия боюнча эл аралык олимпиада мектеп окуучулары арасында эң абройлуу сынактардын бири. Ал эксперименталдык жана теориялык болуп, эки айлампа менен өтөт.