Белградда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүш өттү

Белграддагы акция

Сербиянын борбору Белградда ондогон активисттер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшкө чыгышты. 17-июлдагы бул акцияга соңку эки аптада Белградда эки аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапканы себеп болду. Бул окуялардын биринде бир өспүрүм да көз жумган.

Акцияга чыккандар Социалдык коргоо министрлигинин имаратынын алдында чогулуп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган расмий жетекчилерди кызматтан кетүүгө чакырышты. 

Расмий маалыматка ылайык, Сербияда жыл башынан бери 19 аял жана эки өспүрүм үй ичиндеги зордук-зомбулуктан каза тапкан.