Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын саны жыл сайын 10% өсүүдө

Кыргызстанда жыл сайын ВИЧ илдетин жаңы жуктургандардын саны 10% өсүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-июнуна карата аталган ооруга чалдыккандардын саны 7427 болсо, алардын 7 миң 38и Кыргызстандын жарандары.

902си СПИДге чалдыккан. Жалпы бейтаптардын 600гө жакыны балдар.

Инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар 51% түзөт, 2011-жылы бул көрсөткүч 31% болчу. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар экенин жана алардын арасында аялдар көбөйүп жатканын билдирди.

Бүгүн Бишкекте ВИЧтин алдын алуу жолдору тегерек үстөлдө талкууланып жатат. (КЕ)