Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай буйрукка Индира Жолдубаева кол койгонун Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, Бейшекеев пенсияга чыккандыгын жүйө келтирип, кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган.
63 жаштагы Кубанычбек Бейшекеев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ушул эле партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде мамлекеттик айыптоочу болгону менен белгилүү. Ал аталган иш саясий эмес экенин айтып, президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакырууга каршы болуп келген. Бейшекеев бул кызматка башкы прокурор Индира Жолдубаеванын буйругу менен 2016-жылдын 21-июлунда дайындалган. (UEz)