Президент Атамбаев Александр Жирков менен жолукту

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия федерациясынын Саха республикасынын мамлекеттик жыйынынын башчысы Александр Жирковду кабыл алды. Жолугушуу Чолпон-Атадагы резиденцияда өтүп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Жирков бир эле учурда “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык ассоциациясынын вице-президенти болуп эсептелет. Ал Бишкекте жана Чолпон-Атада өткөн “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келген. Президент Атамбаев мурдараак Алтай мамлекеттик жыйынынын мурдагы башчысы, Мамдуманын депутаты Иван Белековду кабыл алган. (UEz)