Ысык-Көлдө беш пансионатка иштөөгө уруксат берилген жок

Ысык-Көл.

Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты. Алардын маалыматында быйыл беш пансионат - "Атрау", Кыргыз Таңы", "Золотой Требас", "Самал", "Береке" аттуу пансионаттардын өрткө каршы эрежелерди сактаган эмес жана саркынды суу тазалоо системасы талапка жооп бербейт деген негизде быйылкы сезондогу иши токтотулду.

Өткөн жылы туристтик сезондо Ысык-Көл облусундагы “Асыл-Таш”, “Береке”, “Кооператор”, “Ак-Жол”, “Кыргыз Таңы”, “Золотой Требас”, “КазГУ”, “Алмазный берег”, “Сосновая роща”, “Самал”, “Ой-Керемет”, “Аэропорт Манас” эс алуу жайларын кошкондо жалпы он эки пансионаттын иши ушундай эле жүйө менен убактылуу токтогон. (AsM)