Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эл аралык кароо-сынак “Дүйнө балдары” деп аталат.
Ага катышуу үчүн башкалаадагы №4 искусство мектебинин окуучулары барып, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Кыргызстанды кошкондо саамалыкка 28 мамлекет өз өкүлдөрүн жиберген. 24-июлда башталган фестиваль 1-августка чейин уланат.
Анын максаты – өлкөлөр арасында достук мамилени жана маданий байланышты өнүктүрүүгө багытталган. (NT)