Жалал-Абад шаардык бюджети бекитилбей турат

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары бириге албай, калаа бюджети бекитилбей турат. Анын айынан 2 млрд сомдук инвестициялык долбоорлор аткарылбай жатканын шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу каржылануучу шаарды өнүктүрүүнүн 10дон ашык долбоорлору даярдалып, экономика министрлиги жактырган. Эми аны шаардык кеңеш гана бекитип бериши керек.

- Ошол себептүү инвестиция маселеси азыр токтоп турат. Долбоорлордун катарында жаңы курулуштар жана жол алдынан өтмөк куруу сыяктуу пландар бар. Мындан сырткары мектеп жана бала бакчаларды оңдоо иштери да каражат бөлүнбөгөндүктөн баштала элек, - деди Авазов.

Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети 325 млн сомдон ашык.

Ушул жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шаардык кеңешке беш партия өткөн. КСДП, “Республика”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” коалицияга биригишип, “Ата-Журт” менен “Өнүгүү Прогресс” азчылыкта алган. Үч айдан бери азчылыктагы фракциялардын депутаттары сессияга келбей жатышат. Мурдагы чакырылыштын депутаттары да мэр шайлоодо бириге албай март айында тараган болчу. (RsK)