30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;
Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бишкек шаарында 30-31-июлда жана 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын табы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус ысык болот.