Балбан Акбар Кенжебек уулу дүйнө чемпиондугунда коло медал алды

Балбан Акбар Кенжебек уулу эл аралык мелдештердин биринде.

Спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жатат. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу 50 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Алгач чейрек финалда азербайжандык Шахин Мухтаровго жеңилген. Мухтаров финалдык беттешке чыккандыгы үчүн кыргыз балбанына коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачкан жооткотуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Бул беттеште канадалык Ахтар Киеран Имранды 10:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды. 3-орун үчүн беттеште орусиялык Аслан Минкаиловду жеңип (12:12) дүйнө чемпиондугунун коло байгесине ээ болду.

Кенжебек уулунан сырткары бул күнү кыргызстандык үч балбан: Эрназар Акматалиев (60 кг.), Атай Изабеков (74 кг.) жана Чыңгызбек Керимкулов (96 кг.) килемге чыгып, тилекке каршы байге албай калышты.

1-августта башталган спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, кыздар жана эркектер арасында эркин күрөш) боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу 6-августка чейин уланат. Кыргызстандан 15 балбан байге үчүн күч сынашууга барды. (ECh)