Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн таңга жуук Ош облусунун Алай районунда жер титиреди.
Силкинүүнүн очогу Алай кырка тоолорунда жайгашкан.
Жердин титиреши Нура айылында 3 балл, Кек-Суу айылында 2,5 балл болуп сезилди.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок. (RK)