Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат

Быйыл 1-сентябрга карата Кыргызстанда 100 жаңы бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бала бакчалардын жыйырмасы Чүй, он жетиси Жалал-Абад, он алтысы Ош, он беши Ысык-Көл, он үчү Талас облусунда ачылса, Нарында он эки, Баткен облусунда жети бала бакча ишке киришет.

Алар Дүйнөлүк Банктын "Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ачылат. (NT)