Казакстан АКШ санкцияларынан чочулоодо

Казакстандын Каспийдеги мунай өндүрүшү

Казакстан Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мунай, газ долбоорлоруна тийчү кесепеттерин эсептөөдө.

АКШ санкциялары Орусиянын мунайгаз жана банк тармактарын да камтыганы Казакстандын Энергетика министрлигин тынчсыздандырып жатат. Tengrinews агенттиги кабарлагандай, министрлик Каспий деңизинин Орусияга тиешелүү бөлүгүндө ишке ашып жаткан долбоорлордун тобокелдиктерин иликтөөдө.

Энергетика министрлиги кабарлагандай, Карачаганак долбоору коркунучтан тышкары. Бирок Каспий өткөрмө түтүктөр консорциумун кеңейтүү пландары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Себеби акциялардын басымдуусу орус тарапка тиешелүү.

АКШ Конгресси өткөн айдын соңунда Орусияга каршы жаңы санкцияларды атайын мыйзам менен бекиткен. Ага президент Дональд Трамп кол койгон.