Пакистан эгемендигинин 70 жылдыгын белгилеп жатат

Исламабаддагы байрак көтөрүү аземи

Пакистанда бүгүн мамлекеттүүлүктүн жана эгемендиктиктин 70 жылдыгы белгиленип жатат. Баш калаа Исламабадда жана төрт провинциянын борборунда майрамдык иш-чаралар атайын салют менен башталды.

Исламабадда президент Мамнун Хусейн, премьер-министр Шахид Хаккан Аббаси баштаган расмийлер жана чет элдик коноктор улуттук байракты көтөрүү иш-чарасына катышты.

Пакистан британдар Индиядан кеткенден кийин 1947-жылы көз карандысыздыкка ээ болгон.