Орус улутчулуна экстремизм боюнча айып коюлду

Вячеслав Мальтцев Москвадагы демонстрацияда. 6-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу Вячеслав Мальтцевдин адвокаты Сергей Бадамшин билдирди. 

Адвокаттын айтымында, Мальтцевдин быйыл 6-майда “Мыйзамсыздыкка жана репрессияларга каршы Орусия үчүн” деген демонстрацияда жасаган билдирүүлөрү “бийликти курал менен алууга” чакырык катары бааланууда.

Орусияда улутчул активист катары таанымал Мальтцев өзү быйыл 4-июлда бийликтер анын билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгогондон кийин Орусиядан качып кеткен. Анын кайсыл жерде экени азырынча белгисиз. (UE)