Индияда зордуктоого кабылган 10 жашар кыз көз жарды

Нью-Делидеги сексуалдык зомбулукка каршы акция

Индиянын Чандигарх шаарында зордуктоого кабылган 10 жашар кыз 17-августта кесарево жолу менен салмагы 2,5 килограммдык кыз төрөдү. Бийлик өкүлдөрү эне-баланын саламаттыгы дурус экенин билдиришти. 

Өлкөнүн Жогорку Соту бул кызга бойдон алдырууга уруксат бербей койгон. Кыз көз жарып жатканын билген эмес. Ага ичеги-карындагы маселеден улам операция болоору айтылган. 

Өспүрүм кыз ичи ооруганына даттанып, өткөн айда ооруканага жеткирилгенде кош бойлуу экени аныкталган. Кызды зордуктады деп жакын тууганы камакка алынганы кабарланган.

Кыздын ата-энеси 35-аптада төрөлгөн ымыркайды багуудан баш тартышып, аны асыроого берүүгө макул болушту. 

Индиянын соттору бойдон алдыруу мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен бул практикага уруксат берген эмес.