Бишкекте Эгемендик күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги эгемендик майрамдарынын бири. (Архив).

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, "Ала-Тоо" аянтында ачыла турган сүрөт көргөзмө Кыргызстандын Советтер союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыз өлкө болгондон берки турмушун чагылдырат.

Негизинен бул мезгил аралыгындагы жетишкендиктер, ийгиликтер тартылган эмгектер көргөзмөгө коюлат.

Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алган. Быйыл өлкө көз карандысыздыктын 26 жылдыгын белгилейт. (NT)