Бишкекте мүрзөдө чыккан өрт эмерек ишканасына өтүп, жабдуулар жана даяр эмеректер күйүп кетти. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 27-август күнү Биринчи Май районундагы Якутск көчөсүндөгү мүрзөнүн 13 гектар аянты өрттөнгөн. Куткаруучулар кечки саат алтыларда тилсиз жоо менен күрөштү баштап, эки сааттын ичинде өчүрүшкөн.
Ошол күнү Чүйдүн Ысык-Ата районундагы тоодо 15 гектар аянттагы чычырканак, бадал жана куураган чөп күйгөн.
Өрт эмнеден чыкканы белгисиз.