Көк бөрүчүлөр неден жазды?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Астана шаарында өткөн көк бөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионатында Казакстандын улакчылары алтын байгени алып кетти. Финалда алар күтүлгөндөй эле көк бөрү боюнча айыгышкыс атаандаш болуп калган кыргыздар менен ойноду. Казакстан бир жыл мурун ири эсепте утулганына өч алса, Кыргызстандын күйөрмандары өз командасынын утулганына башка себептер бар деп жатышат.