Казакстандын Актөбө облусунда тик учак кулады

Иллюстрация.

Актөбө облусунун Шалкар районунун Бегимбет айылынын аймагында МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак кулады. Бул тууралуу район акими Алиби Саттыков "Азаттык" радиосунун казак кызматына ырастады. Маалыматка караганда, тик учактын бортунда төрт адам болгон, баары аман-эсен.  

Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү министрлигине караштуу Авиация комитети болсо кырсык болгон жерден үч кишиден турган тик учактын экипажы жана бир жүргүнчү Бозой станциясына жеткирилгенин кабарлады. Тик учак "Евразия-Эйр" компаниясына таандык экени айтылды. 

Авикырсыктын чоо-жайы кабарлана элек.