Григорий капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги Ботаникалык бактагы өрт.

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Григорий капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо 11-сентябрда саат 16:00до толук токтоду.

Капчыгайда куураган чөп 10-сентябрда күйүп баштаган. Андан болжол менен 4-5 гектар аянттагы кургак чөп өрттөнүп кетти.

Август-сентябрь айларында Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта да бир нече жолу өрт чыгып, бир канча гектар чөп күйүп кеткен.

Жалпысынан быйылкы жылдын башынан бери Кыргызстанда 1300дөн ашуун өрт кырсыгы катталды. ​(NT)