Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматын жетектейт

Акрам Мадумаров.

Акрам Мадумаров Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 12-сентябрда кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жарлыкка ылайык Акрам Мадумаров мурда ээлеген кызматынан бошотулду. 

Ал быйыл июнда президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган болчу. 

Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. Кесиби боюнча ветеринар. Буга чейин Кадамжайдын акими кызматын аркалаган. (NT)