Матраимов Бабановго: Биз бакандай беш бир тууганбыз, акарат келтире албайсыз

Искендер Матраимов

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынын депутаты Искендер Матраимов Кара-Суудагы шайлоого анын жана бир туугандарынын тиешеси жок деп эсептейт. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Республика” партиясы жана лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыктары боюнча билдирген нааразылыктарын негизсиз деп атады:

- Биздин агитаторлор эл менен сүйлөшсө эле “Бабанов мынчадан берип жатыптыр” деген сөз. Башка сөз жок. Кара-Суудагы шайлоого Матраимовдор эмес, КСДП катышты. Биз бакандай болгон беш эркек бир тууганбыз. Бизге акарат келтире албайсыз, - деп кайрылды ал Бабановго.

7-сентябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Республика Ата-Журттун" өкүлү Алтынай Өмүрбекова Кара-Сууда өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосу ири мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан:

- Добуштарды сатып алуу болуптур, көптөгөн адамдардын аты чыгып жатат. Биз эмне үчүн буга көз жумуп жатабыз? Туура эмес талапкерге добуш бергендерди уруп-сабоого чейин барыптыр деген маалымат айтылууда. Эң өкүнүчтүүсү, эл арыз жазгандан да коркуп калыптыр.

БШКнын маалыматына караганда, 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыкты. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" 13 добушка ээ болгон.

Депутат Матраимовдун бүгүнкү айткандары боюнча Бабанов азырынча жооп бере элек. (RK)