Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы өтөт

Сирия оппозициясынын делегациясы Астана сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасында. 5-июль, 2017-жыл.

Сириянын өкмөттүк делегациясы жана оппозициялык топтору тартылган сүйлөшүүлөргө Орусия, Иран жана Түркия демөөрчүлүк кылып келе жатат.

Жыйындын конок ээси - Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эртең башталуучу эки күндүк сүйлөшүүдө негизги көңүл Сириянын деэскалация зоналарындагы күчтөрдүн ишин тескөө жана Түркияга чектеш Идлиб провинциясында көзөмөл күчтөрүн уюштуруу маселесине бурулмакчы.

Идлиб - Сириянын азыр да президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулар колунда турган аймагы.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров үч күн мурда Астана сүйлөшүүлөрүндө Идлиб шаарына жакын төрт деэскалация зонасын түзүү макулдашуусу жетишилет деп үмүттөнүп турушканын билдирген эле.

Астана сүйлөшүүлөрүн утурлай бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Сочиде орус бийликтери, анын ичинде президент Владимир Путин менен жолугууда.

Казак борборундагы жолугушууга байкоочу катары АКШ делегациясы да катышат.

Вашингтон Ирандын Сириядагы аракеттеринен тынчсызданып, Тегеран президент Башар Асаддын режимин эч талашсыз колдогону бул жердеги куралдуу жаңжалды жана карапайым сириялыктардын азап-тозогун күчөткөнүн белгилеп келет. (UE)